Бишкектин "Алга-Бишкек" футболдук клубу Кыргыз футбол союзунун тандоосу боюнча Кыргыз Республикасынын профессионалдык лигасынын мыкты оюнчусу Магамед Узденов менен келишим түзгөнүн жарыялады.

Келишим дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен келе жаткан сезондун аягына чейин эсептелген.

28 жаштагы Узденов футболдук карьерасын 2012-жылы алматылык «Кайрат» клубунун курамында баштаган. 2012-жылдын 1-июлунда "Атырау" клубуна каршы беттеште Казакстандын Премьер-Лигасында дебют жасаган.

Футболчу "Абдыш - Ата" (Кант) ФКнын курамында өлкөнүн учурдагы чемпиону катары "алгачылар" командасына кошулган.