Ленин акимиаты жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку класстарынын окуучулары үчүн "Локомотив"спорттук - ден соолукту чыңдоо комплексинде коньки тебүүнү уюштурду.

Балдардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн "Локомотив" спорттук ден соолукту чыңдоо комплексинин инструкторлору, Ленин районунун балдар иштери боюнча инспекторлору, темир жол ооруканасынын медициналык кызматкерлери, мугалимдер жана ата-энелер коштоп жүрүштү.

Окуучулар көптөгөн позитивдүү эмоцияларга ээ болушту.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулган.

Борбор калаанын мэриясы "Кыргыз темир жолу "Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине жана "Локомотив" спорттук ден соолукту чыңдоо комплексинин администрациясына  көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.