Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов сыйлыктарды тапшырды.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке салымы жана жемиштүү иши үчүн ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен "Ак-Босого", "Калыс-Ордо", "Мурас-Ордо", "Алтын-Казына Канат", "Алга-Элим"конуштарынын активисттери сыйланышты.

Иш-чаранын алкагында Афганистандагы согуштун ардагерлеринин Республикалык кеңешинин буйругу менен "Ардагерлер кыймылына жардам жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн"  "Мурас-Ордо ынтымагы" коомдук бирикмесинин төрагасы Кайрат Кыштообаев медаль менен сыйланды.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды сыйлыктары менен куттуктайт жана  ийгиликтерди каалайт.