Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов адаттагыдай жаңы конуштарга барды.

Мурас-Ордо конушунун тургундары башчыга конуштун аймагына социалдык объекттерди, сейил бактарды куруу өтүнүчү менен кайрылышты. 

Ошондой эле көмүр сатуучу жайлардын ээлерине санитардык абал сакталбаганын айтышып, чара көрүү маселесин сунушташты. Корктондурууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан айып пул салынып бир протокол түзүлүп, бир эскертүү берилди.

Андан кийин аким Калыс-Ордо конушунун аймагында курулуп жаткан социалдык шаардын курулуш иштери менен таанышты.

Белгилей кетсек, “Ассанабил” кайрымдуулук фонддун каражаттарынын эсебинен калктын социалдык аялуу катмарлары үчүн аянты 7 гектарды түзгөн жерге 30 турак жай жана медициналык пункту курулууда, учурда медициналык пункттун жана 13 турак жайдын пайдубалы курулган, анын ичинен 7 турак жайдын чатыры жабылып, 6 турак жайдын дубалы кирпич менен көтөрүлүүдө. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы менен “Ассанабил”  кайрымдуулук фондунун ортосунда меморандумга кол коюлган.

Турак жайды мыйзамдаштыруу маселеси боюнча “Балбан-Таймаш” конушунун тургундары менен жолугушуу болуп өттү.

Жарандардын маселелери протоколго киргизилди жана райондук кызматтарга жөнөтүлдү.

Жер-жерлерге баруу иштери улантылат.