Ленин райондук акимиатында акимдин орун басары А.Джунусованын жана райондук  билим берүү борборунун директору Т.Темирканованын катышуусунда жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыкты ишке ашыруу талкууланды.

Жетекчилерге жарлыкты ишке ашыруу, балдарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө тарбиялоо, кыргыз элинин улуттук салттарын чагылдырган мыкты чыгармаларга конкурстарды өткөрүү зарыл экенин баса белгилешти.

Ошондой эле "кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө"жарлыкка ылайык жашы жете электердин арасында кумар оюндарына жол бербөө боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Кеңешмеде акимдин орун басары А.Джунусова катышуучуларга Бишкек шаарынын 145 жылдыгын майрамдоо тууралуу маалымат берди.

Бул иш-чаранын урматына мектептерде бир катар иш-чараларды өткөрүү зарыл: класстык сааттар, флешмобдор, көргөзмөлөр, турнирлер. Жогорку класстын окуучулары Пишпек-Фрунзе-Бишкек шаарынын тарыхы боюнча презентациялык материалдарды даярдоосу.

Ошондой эле кеңешмеде райондун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчыларына жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору менен биргеликте кичи райондорго долбоордук кубаттуулукту эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды.