Билим беруу башкармалыгы №61 Е.Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу-тарбия комплексинин базасында борбор калаанын мектептеринин математика мугалимдери үчүн «Татаалдыгы жогорулаган маселелерди чечүү үчүн интерактивдүү методдорду колдонуу» деген темадагы окуу-методикалык семинар өткөрдү.

Семинарга Бишкек шаарынын жалпы орто мектептеринен 65 математика мугалими катышты.

Окуу-методикалык семинардын максаты окуучулардын математика боюнча билиминин базалык деңгээлин кеңейтүүдө мугалимдердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу, мугалимдерди математиканын кызыктуу жана стандарттуу эмес суроолору, маселелерди чыгаруунун жалпы ыкмалары менен тааныштыруу болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө докладдар окулуп, мастер-класстар өткөрүлдү.

Окутуунун интерактивдүү формалары мугалимге окуучуларды сабак менен кызыктырууга, аларды активдүү катышууга, жыйынтыктарга жетишүүгө жана командалык иштөөгө түрткү берүүгө жардам берет.

Интерактивдүү окутуунун жүрүшүндө мастер-класстар, интерактивдүү вебинарлар, кейстер, добуш берүү, сурамжылоо, мээ чабуулу, долбоорлор, тренингдер, "Микрофон", "Браун кыймылы", талкуу, бизнес оюндары, "Аквариум", ротациялык үчтүк, жуп жана чакан топтор, “Чечим дарагы” сабактардын ар кандай формалары өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, интерактивдүү окутуу сабактарды кызыктуу өткөрүүгө жардам берет, балага окуу процессинин активдүү катышуучусу болууга, өз ой-пикирин жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, команда менен өз ара аракеттенүүгө жана өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.