Чоң кишилердин жана өзгөчө балдардын иске ууланып  жагымсыз жагдайлар  көбөйгөндүгүнө байланыштуу Октябрь районунун аймагында коопсуздук техникасы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Администрациянын кызматкерлери МАБнын кызматкерлери, ошондой эле Октябрь районунун ОАБНЫН кызматкерлери менен биргеликте калк менен көмүр исине  уулануунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Райондук администрация көмүр исинин  пайда болушунун негизги булагы бузулган газ, мунай, жыгач мештери, газ приборлору, бассейндеги суу жылыткычтары жана жабык жайларда чыккан газдарды чыгаруучу кыймылдаткычтар экенин эскертет.

Мешке таза абанын жетишсиздигинен үйдө көмүр исинин топтолушуна да себеп болушу мүмкүн. Үйлөрдүн тыгыз салынышы  да уулануу коркунучун жогорулатат, анткени аларга  эркин желдетүүнү камсыз кылбайт.

Кардын калың жаашы жана температуранын кескин өзгөрүшүндөөзгөчө сак болуу керек.

Урматтуу шаардыктар! Коопсуздукту сактоону жана өзүңүздү коргоону суранабыз!