Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев Асаналиев көчөсүн Красный көчөдөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү д-1000мм канализациялык коллекторунун курулушунун жүрүшүн текшерди. 

Канализация коллекторунун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Жалпы узундугу 11 чакырымды түзөт. Ал Бишкектин түштүк жана батыш бөлүгүнүн жашоочуларынын саркынды сууларын чыгаруунун жаңы системасына кошууга мүмкүндүк берет.Аталган аймакта курулуш иштерин 2023-жылдын март айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Иштер "Бишкексууканал" ӨЭБ линиясы боюнча "Бишкекти суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо - II фаза " долбоорун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Көчмө кеңешменин жыйынтыгында район башчысы калыбына келтирүү жана реконструкциялоо боюнча жооптуу кызматкерлерге контролду күчөтүүнү жана подряддык уюмдарды ишти белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттендирүүнү тапшырды.