2023-жылдын 26-январында №67 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте «Милициянын жаш досу» (МЖД) аттуу шаардык кароо-сынагын өткөрдү. 

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.

Мелдештин максаты жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын алдын алуу, өсүп келе жаткан муундун позитивдүү адилеттүүлүк сезимин тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн иш менен камсыз болушун жана эс алуусун уюштуруу боюнча «Милициянын жаш досу» отряддарынын ишмердүүлүгүн активдештирүү болуп саналат. 

«Милициянын жаш досу» сынагы төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:

- «Саптык даярдык»;

- «Келечектеги укук коргоочу»;

- Дубал газеталарынын сынагы;

- «Милициянын жаш досу» отрядынын агитациялык бригадасынын сынагы;

- Капитандар арасында «Биздин согушкер ар жерде мыкты» сынагы;

- «Милиция жөнүндө ыр»;

- мектептеги «Милициянын жаш досу» командасы жөнүндө видеороликтер сынагы.

Мелдешке №8, 26, 41, 52, 67, 73, 75, 84 мектептердин райондук турларда 1,2 орунду ээлеген МЖД командалары катышты.

Кароо-сынагынын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга:

1-орунга №8 жалпы орто мектебинин МЖД командасы ээ болду;

2-орунга  №73 жалпы орто мектебинин МЖД командасы ээ болду;

3-орунга №84 жалпы орто мектебинин МЖД командасы ээ болду;

«Милициянын жаш досу» шаардык сынагына катышкан бардык шаардык мектеп командалары Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын баалуу сыйлыктары, дипломдору, грамоталары менен сыйланышты.

№8 орто мектептин «Милициянын жаш досу» командасы республикалык сынагына катышат.