Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү бөлүмүндө жума сайын шаардык каттамдарды ачуу, өзгөртүү жана жабуу маселелерин кароо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өтөт.

Комиссия шаардын каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү карап, негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Түзүмдүн курамына Патрулдук кызмат башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө агенттигинин, Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жана акимчиликтин өкүлдөрү кирди.

Жыйында 5 маселе каралды.

Талкуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

«Кызыл-Туу айылы – Ош базары» деген жазуу менен №18-автобустук каттамдын кыймылынын схемасын жарым-жартылай өзгөртүү;

«Дордой Бис» ЖЧКсынын №233, 234-маршруттук кичиавтобустун кыймылынын схемасы кичиавтобустук каттамдардын пландуу чыгууларын көбөйтүү шартында өзгөртүлсүн;

№234 маршруттук кичиавтобустун кыймылы Төкөлдөш кичи районуна чейин (Виноградная көчөсүнө чейин) узартылсын;

№233 маршруттук кичиавтобустун кыймылы Чүй облустук ооруканасына чейин узартылсын.

Урматтуу жарандар! Комиссия жума сайын жума күндөрү саат 14:00дө өткөрүлөт жана Транспорт департаментинин расмий баракчасында көрсөтүлөт: https://www.facebook.com/ugt533646


Коомдук транспорт үчүн WhatsApp: 0 (502) 205 202 номерине кайрылсаңыз болот.