Тазалоочу топ күн сайын троллейбустардын ичин жуушат, ал эми ишкананын өзүндө  атайын троллейбустун сыртын жууйт. Мындан тышкары салондордун отургучтары, терезелери, полдору да жуулат.


Бирок кабиналарга таштанды таштаган  жүргүнчүлөр да жок эмес. Алар көпчүлүк учурда желим бөтөлкөлөрдү, стакандарды, сагызды салонго таштап кетишет.


Урматтуу шаардыктар! Троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгегин сыйлап, муниципалдык менчикке кам көрүүңүздөрдү суранабыз.