№57 орто мектептин  базасында «Жаш мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу» темасында башталгыч класстардын жаш мугалимдерине семинар өткөрүлдү.

Семинар эки тилде өтүп, ага борбор калаадагы мектептердин 75 жаш мугалими катышты.

Семинардын максаты-жаш адистердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү, адаптация жана кесиптик өсүү мезгилинде жаш мугалимдерге психологиялык колдоо көрсөтүү.

Ошондой эле, окуу процессинде жаш мугалимдердин профессионалдык жактан өсүшүнө, чыгармачыл инсандыгын өнүктүрүүгө, педагогикалык инновацияларга ийкемдүүлүккө, өзгөрүп жаткан педагогикалык чөйрөгө ыңгайлашуусуна жардам берип, көмөктөшүү.

Семинардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын тажрыйбалуу мугалимдери жаш мугалимдерге  усулдук чеберчиликтерин көрсөтүп, тажрыйбаларын жайылтышты.