Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгаева Бишкектеги балдарды социалдык адаптациялоо борборунун жана "Айданек"жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунун ишин текшерди.

Мэрдин орун басары балдардын тарбиялануудагы шарттарын,тактап айтканда,борбордун тамак-ашын жана жылуулук режимин текшерди.

Жыйынтыгында мекеме жетекчилерине балдардын коопсуз жана ыңгайлуу болушуна көзөмөлдү күчөтүү, балдарга психологиялык жактан колдоо көрсөтүү, балдардын жашоо шартын көзөмөлдөө тапшырылды.