29-январь 2023-жылы Бишкекте Асаналиев -Гагарин көчөлөрүнөн  Алтымышев көчөсүнө чейин канализация коллекторунун курулушу башталат.

Курулуш  иштеринин алкагында автотранспорттун кыймылы токтотулат, анткени диаметри 600 мм канализация түтүктөрүн салуу каралууда.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан жана борбор калаанын конокторунан кыймылдын альтернативдүү жолдорун алдын ала тандоону өтүнөт.

Маалымдама: канализация коллекторунун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Коллектордун жалпы узундугу-11 км.жаңы канализациялык коллектор Бишкектин түштүк жана батыш бөлүгүнүн жашоочуларын саркынды сууларды чыгаруунун жаңы системасына кошууга мүмкүндүк берет.

Канализация коллекторунун курулушу  II фазанын "Бишкек шаарын суу менен камсыздоосун жана канализацияны  реабилитациялоо" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.