№17 бала бакчанын базасында мектеп жашына чейинки балдарга заманбап билим берүү программалары боюнча жаш усулчуларга семинар өткөрүлдү.

Семинарга 33 адам катышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар мектепке чейинки балдар үчүн заманбап билим берүү программаларын ишке ашыруунүн структурасы, мазмуну жана технологиялары менен таанышышты.Ошондой эле бала бакчанын усулчулары тарбиялануучулар жана алардын үй-бүлөлөрү менен иштөө үчүн жеке долбоорлорду даярдоого мүмкүнчүлүк алышты.

Белгилей кетсек, билим берүү программаларын иштеп чыгып, ишке ашырган заманбап бала бакча үчүн  усулчунун компетенциялары маанилүү.Методикалык иштеги профессионал- тарбиячыларга жардам жана колдоо көрсөтүп,жетекчиге пайдалуу боло алат.

Мындай семинарлардын мааниси чоң, анткени бала бакчадагы методист театрдагы директордой. Методист сабактарды, сценарийлерди программаларды иштеп чыгууга ,таанып билүүчүлүк жана өнүгүп келе жаткан нерселердин бардыгы үчүн жооптуу.