Бишкекжашылчарбанын №1-оранжереясында бир жылдык гүлдөрдүн уругу себилди.

Биринчи партияда  бир жылдык гүлдөрдүн 300 миң уругу себилип,  жакында   алар тамыр байлайт. Алгач биздин кызматкерлер атайы идишке олтургузушат, ачык жерге отургузганда  тамырына  зыян келбеши үчүн.

Жайында борбордо калаабызда 1 000 600  гүл ачылат.

"Бишкекжашылчарбанын" эмгекчил кызматкерлеринин көзөмөлү астында гүлдөр  күнөсканаларда өсөт. Эске салсак, бул жылы гүлзарларда сальвия, тагетес, цинния, георгин, агератум жана башка гүлдөр  менен кооздолот.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык аймагындагы бак-дарактарды жашылдандыруу жана санитардык бутоо маселелери боюнча төмөнкү номерлер аркылуу кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0505 243 366;
- Октябрь району боюнча: 0701 311 004;
- Биринчи май району боюнча: 0701 321 008;
- Ленин району боюнча: 0555 352 569.