2023-жылдын 27-январында №39 мектеп-гимназиясынын базасында билим берүү башкармалыгы «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мугалимдер үчүн семинар өткөрдү.

Иш-чарага Бишкектеги мектептердин 65 мугалими катышты.

2022-2023-окуу жылы борбор шаардын бардык мектептеринин 9-класстарынын окуучулары үчүн жаны «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети киргизилип, бардык мектептерде (окуу тилине карабастан) бирдей окутуу жүргүзүлөт.

«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети базистик окуу пландын социалдык билим берүү чөйрөсүнүн предметтеринин бири болуп эсептелет.

Предметтик стандарт боюнча жумасына 1 саат, бир жылда 34 саат берилген. Баалоо системасы каралган эмес.

Семинардын тажрыйба алмашуу бөлүгүндө предметтин программасына ылайык мектептин мугалимдери сабактардын фрагменттерин беришти.

Окуучулар диндердин пайда болушун жана тарыхын окушат, диний окуулардын манызын түшүнүүнү үйрөнүшөт: динге болгон окуучулардын мамилеси калыптанат жана толеранттуу болууга кадам ташталат.