Бүгүн,  Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев жана Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев №13, 68, 8, 42, 50, 57 мектептерге окутуу үчүн интерактивдүү панелдерди (такталар) тапшырышты жана ачык сабактарга катышышты.

Мектептердин педагогикалык жамааттары күнүмдүк иштер менен алектенип,  ар кандай темалар боюнча ачык сабактарды даярдап, өткөрүштү жана презентацияларды көрсөтүштү.

Мектептерди интерактивдүү жабдуулар менен жабдуу, бул билим берүү мекемелеринин заманбап стандарты. Колдонууга оңой “акылдуу” дисплейлер окуунун сапатын жакшыртат, азыр гаджеттер менен баарлашкан заманбап балдар үчүн кызыктуураак жана түшүнүктүү кылат.

Жалпысынан мектептерге 51 интерактивдүү панель (такта) тапшырылды.