Пилоттук долбоордун алкагында Октябрь районунун Тунгуч кичи районунда Анкара көчөсүн бойлой катуу тиричилик таштандыларын сорттоочу станция иштей баштады.

Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-сайт курулган.

Жалпы аянты 100 чарчы метр.12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы, борбордук байланыш системалары: суу, канализация жана электр энергиясы орнотулду. 

Таштандыларды сорттоо үчүн 15-16 чарчы метр бөлмө жабдылган.

Таштанды контейнерлери жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жерге чатырдын астына коюлат.  Контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган.

Долбоордун максаты:

1. Жарандарда катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;

2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;

3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.