Ленин жана Свердлов райондорунда ири кафелердин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.  

Свердлов администрациясы менен ири кафелердин өкүлдөрү «Түшүнүү келишимине» кол коюшту.

Алсак, акимчилик район аймагында жайгашкан «Жибек-Жолу», «Фаризат», «Мансур» кафелеринин, «Гранат» чайканасынын, «Ават» банкет залынын жана башка ири кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту. 

Келишимде ысырапкорчулук жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, курман болгондордун жаркын элесине арналган эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтпөө талаптары камтылган. Ошондой эле каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды иретке келтирүүнү, кыргыз коомунун руханий-адептик маданиятынын негиздерин калыптандырууну жана турукташтырууну, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууну көрсөтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кафе-ресторандардын өкүлдөрү КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга багытталган акимчиликтин иш-чараларын колдошту.