Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы мэрдин орун басары  Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы мыйзамсыз орнотулган жарнактарды тазалоо иштерин уланууда.

Иштин жүрүшүндө Ч.Айтматов жана Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин жалпы саны 425 шт. жарнама алынды. Алардын ичинен: 4 даана жарнамалык такта, 8 дана жарнактык мамыча, 142 даана баннер жана  271 даана металлдык  конструкция алынды.

Буга чейин комиссия жарнама жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү  тараткан.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматын мамлекеттик тилдеги нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.