Ленин районунун жакыр жана социалдык жактан аярлуу 60 үй-бүлөсү колдоо көрсөтүү иш-чараларынын алкагында көмүр алышты.

Иш-чара  Ленин районунун муниципалдык администрациясы тарабынан "Имарат" Араб кайрымдуулук фондунун колдоосу менен өткөрүлдү. Жалпысынан 60 тонна көмүр таратылды.

Район башчысы Русланбек Тагаев көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, "Имарат" Араб кайрымдуулук фонду ар убак  жардамга муктаж болгон райондун үй-бүлөлөрүнө жардам берип жаткандыгын белгилейбиз.