«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштерин улантууда, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын нугундагы муздарды алуу  иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндѳ кызматкерлер төмөнкү  көчөлөрдө иштеп жатышат:

- А.Масалиев көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;

- И. Ахунбаев көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;

- Ч.Айтматов проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейин;

- Рыскулов көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;

- темир жолдон Л.Толстой көчөсүнө чейин;

- Л.Толстой көчөсүнөн Алтымышев көчөсүнө чейин;

- Ш.Руставели көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин.

Ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери КЧКнын ( кичи Чүй каналы) боюндагы Чүй 39 көчөсүнөн Чүй 47 көчөсүнө чейин жана Чүй 41 көчөсүнөн Чүй 47 көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Негизги каналдарга  жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды толтурбоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.