Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" МИнин балансында турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялайт.

28 лоттон турган аукцион берилген билдирменин жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын транспорт каражаттарын баалоо боюнча берилген документтердин негизинде 2023-жылдын 31-мартында саат 14:00дө Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча башталат. Катышуучуларды каттоо 2023-жылдын 29-мартында саат 17:00дө аяктайт.

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн талапкер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине төмөнкүлөрдү  тапшырат:

* лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
* талапкер жеке адамдын инсандыгын тастыктаган документ;
* арыз берүүчүнүн жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке жактын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;
* кепилдик взностун (барымтанын) төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери.

Кепилдик төлөмдү которуу үчүн депозиттик эсептин реквизиттери:

Алуучу: Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти
Алыш-бериш эсеби: 4402062200010083
КР ФМ Борбордук казыналык банкы
БИК 440001
Төлөм коду: 14511900

Арыздар 2023-жылдын 29-мартына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чокморов көч., 246, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, муниципалдык менчикти жана укук белгилөөчү документтерди эсепке алуу бөлүмү, 23-кабинет.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине, муниципалдык менчикти жана укук белгилөөчү документтерди эсепке алуу бөлүмүнө кайрылыңыздар, телефон: 0(312) 45-44-08; 0707 45-19-48.