Свердлов районунун акимиаты Аскер комиссариатына резервдик курамдын аскер буюмдарын сактоочу толук комплектелген контейнерди тапшырды.

Мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жана коопсуздугун чыңдоо зарылдыгын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын жетекчилиги тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук комиссариатына  аскер кызматкерлеринин резервдик курамынын  кийим-кече боюмдарын сактоочу толук комплектелген контейнер тапшырылды..

Ошону менен бирге резервдердик курам боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун пландары талкууланды.

Эскерте кетсек, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Согуштук абал жөнүндө» конституциялык мыйзамынын, «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Бишкек шаарынын Свердлов районунда өткөрүлүүдө. Бишкек шаарынын Свердлов райондук муниципалдык администрациясы  тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук Аскер комиссариатынын көмөгү менен резервдик курамды даярдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Мамлекеттик органдарда жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда иштегендердин ичинен мобилизация мезгилинде жана согуш мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын жарандарынан резервдик курамды  түзөт;
2) Запастагы курамдарга аскер кызматына милдеттүү адамдарды тандоого, киргизүүгө катышат, аларды даярдоону жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну уюштурат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргонуу жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.