Ар бир баланын билимге адилеттүү жана коопсуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында, турак жайларда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу, мектепке даярдоо максатында Ленин акимиаты И.Арабаев атындагы университет менен бирдикте  №93 мектептин базасында «Көчмө бала бакча» долбоорун ишке ашырууну баштайт.

Бул долбоорго "Жер Ынтымагы" (Арча-Бешик) конушунун 2 жаштан 7 жашка чейинки мектепке чейинки курактагы балдары кирет.

Балдардын бала бакчадагы  убактысынын узактыгы 1 саат (45 мүнөт). Ошондой эле аталган долбоор боюнча балдарды бакчага алып келген ата-энелер да окушат. Адистер ата-энелерге балдарды мектепке кантип даярдоону үйрөтүшөт.

Ачылышка КР Билим берүү министринин орун басары Жусупбекова Надира, Социалдык маселелер боюнча жетекчинин орун басары Жунусова Айзада жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева катышты.

Долбоордун максаты балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жалпы камтуу, балдарды мектепке даярдоо болуп саналат. Ошондой эле "Көчмө бала бакча" долбоору Ленин районунун башка конуштарында да ишке ашырылат.