Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирге жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда.

Биринчи май районунун комиссиясы тарабынан 45 материал каралып, анын ичинен 4 арыз боюнча оң чечим кабыл алынды, 1 арыздан баш тартылды, 11 материал кошумча кароо  үчүн тийиштүү кызматтарга жөнөтүлдү, 29у шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына  жөнөтүлдү.
Комиссиянын иши башталгандан бери 1969 арыз каралып, анын ичинен 34 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 27 арыз баш тартылган, 56сы кошумча изилдөө үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлгөн жана 1852 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына жөнөтүлгөн.


Свердлов районунун комиссиясы тарабынан 43 материал каралып, алардын ичинен 15 арыз боюнча оң чечим кабыл алынган, 15 материал кошумча кароо  үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлгөн, 13 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Комиссиянын иши башталгандан бери бардыгы болуп 2043 арыз каралып, анын ичинен 76 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 19 арыздан   баш тартылган, 323 кошумча иликтөө үчүн тийиштүү кызматтарга жөнөтүлгөн жана 1625 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Октябрь районунун комиссиясы тарабынан 24 материал каралып, алардын ичинен 6 арыз боюнча оң чечим кабыл алынган, 9 арыз эсине  шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына жөнөтүлгөн жана 6 материал кошумча кароо үчүн калтырылган.
Комиссиянын иши башталгандан бери  375 арыз каралып, анын ичинен 49 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 8 арыздан баш тартылган, 77си кошумча иликтөө үчүн тийиштүү кызматтарга жана 241 материалдын шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына жөнөтүлгөн.


Ленин районунун комиссиясы тарабынан жер мунапысы боюнча 44 материал каралды, анын ичинен 9 жер участогу Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти менен  иштеп чыгууга калтырылды, 13 материалга жер участогуна жеке менчик укугу бекитилди, калган 22 материал жер участогунун чек араларын аныктоо боюнча шаар куруу корутундусун иштеп чыгууга "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына жалпы тизме менен жөнөтүлөт.
Комиссиянын иши башталгандан бери 1756 арыз каралып, анын ичинен 50 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 28 арыз четке кагылды, 155и кошумча иликтөө үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлдү жана 663 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына жөнөтүлдү, ошондой эле комиссия тарабынан "Жер-Ынтымагы" конушунун 860 жер участогуна жалпы топографиялык сүрөткө тартууну даярдоо тапшырылды.