Октябрь районунун аймагында Байтик Баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабы Токомбаев көчөсүнөн  Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуарды реконструкциялоо иштери жанданды.

Аталган көчө «Бишкекасфальтсервис » муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын титулдук тизмесине киргизилип,   учурда  жээк таштарды жана арыктарды орнотуу иштери башталды.

Эске салсак, буга чейин тротуарды оңдоо учурунда телефон жана интернет зымдарын жер астына коюу чечими кабыл алынган.

Аталган жол тилкенин узундугу 3800 чарчы метрди түзөт. Ондоо иштерин «Технотоп» ЖЧКсы жүргүзүп, сугат түтүктөрүн алмаштыруу иштерин аяктады.