15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн  Токтогул көчөсүнөн  Москва көчөсүнө  чейинки бөлүгүнүн түштүк багытында бир тараптуу кыймыл уюштурулат.

Мындай чечим жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынынын башкармалыгы Исанов-Токтогул-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзгөн иликтөөдө Исанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан унаалардын агымы Москва көчөсүнөн бурулуп бара жаткан унаалардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болуп, унаа тыгынын жаратканын көрсөткөн. Аталган көчөдө бир тараптуу кыймылды уюштурууда айдоочулар Тоголок Молдо көчөсү менен түндүктү көздөй айдай алышат.

Урматтуу айдоочулар! Жол эрежелерин сактаңыздар!