Биринчи май акимчилигинин жыйындар залында Бишкектин борборундагы башаламан соодага каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Социалдык маселелер боюнча бөлүмү, РИИБ, Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы, №12, 13 МАБ менен биргеликте биргелешкен иш алгоритмин талкуулады.

Жыйындын жүрүшүндө буга чейин көчөдө соода кылууга тыюу салуу боюнча эскертүүлөр таратылып, соодагерлерге да түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.

Эскерте кетсек, акимдин буйругу менен 2023-жылдын 15-мартынан тарта Биринчи май районунда күч өлчөгүчтөргө, балмуздак жана алкоголсуз суусундуктарды саткан муздаткычтарга, балдардын электромобилдерине жана белгиленбеген жерлерде иштеген велосипеддердин ар кандай түрлөрүнө тыюу киргизилген.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын жана Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаарын көрктөндүрүүнүн регламенти жөнүндө” токтомунун негизинде кабыл алынды.