«Мектеп лигасы» программасынын алкагында №95 мектеп-гимназиясынын спорттук базасында уландар арасында баскетбол боюнча мелдеш өтүп, ага Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринен жана гимназиялардан 16 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча уландар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

- 1-орун - №29 мектеп гимназиясы;
- 2-орун - №23 ОТКГ;
- 3-орун - №95 мектеп гимназиясы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин жеңиши менен куттуктайт.