“Челленджер” спорт клубу менен "Исабек" спорт комплексинде 2007-2008-жылы туулган уландар арасында бокс боюнча борбор калаанын чемпионаты өттү.

Турнирге Бишкек шаарындагы спорт мектептеринен жана клубдарынан 100дөн ашык спортчу катышты.

Спорттук иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулду.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча байге ээлери жана жеңүүчүлөрү дипломдор, медалдар жана кубоктор менен сыйланышты.

Иш-чаранын максаты - уландар арасында бокс боюнча Бишкек шаарынын курама командасын аныктоо болуп саналат.