Ленин районунун акимиаты райондук ички иштер бөлүмү, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, билим берүү борбору менен биргеликте «Кайырчы» аталышындагы профилактикалык иш-чараларын өткөрдү.

Иш-чара бир гана тилемчилик кылгандарды эмес, туруктуу жашаган жери жок адамдарды, ошондой эле, үйдөн чыгып кеткен өспүрүмдөрдү аныктоо максатында күндүз жана түнкү убактарда өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгында, туруктуу жашаган жери жок жана кайырчылык менен алектенген 48 адам аныкталган. Чоңдордун коштоосу жок жүргөн 47 бала РИИБге жеткирилди. Анын ичинен 6 бала социалдык жайларга, 17 бала жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, 24 бала ата-энесине берилген.

Ошондой эле, туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктаган документтери жок адамдар сүрөткө тартылып, манжаларынын изи алынып, каттоого алынды.