Биринчи май районунда Л.Толстой көчөсүндөгү №1г дарегинде жайгашкан «Тамак» кафесинин ээси кардарларынын унааларын убактылуу токтотуу үчүн муниципалдык аймакка бетон куюп, тосуп алган.

№12 МАБдын кызматкерлери, Бишкек мэриясынын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жана көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери жерине ыкчам барышты.

Жеринде эч кандай уруксат кагаздары жоктугу аныкталып, учурда иш токтотулган.

Бишкек шаарынын мэриясынын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жол бузуулар жөнүндө» кодексинин 242-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 13 000 миң сом айып салынган.

Ошол эле учурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кафенин ээси мыйзам бузуу менен макул болуп, бул аймакты баштапкы абалына келтирүүнү убада кылды.

Урматтуу шаар тургундары жана ишкерлер! Көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз, бузуулар болгон учурда ишмердүүлүктүн формасына жана түрүнө карабастан чаралар көрүлөт.