Бишкекте Ноорузга карата салтанаттуу иш-чаралар башталды.

Бүгүндөн тарта Свердлов районунун бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында, мектептеринде жана бала бакчаларында Нооруз улуттук майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар башталды.

Свердлов районунун башчысы №89 орто мектепте болуп, катышуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөлүк бакыт каалады. Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Елизавета Алымбаева, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын директору Айнура Арстамбекова, Свердлов районунун акиминин орун басары Асеьл Сыдыкова, райондук билим берүү борборунун директору Нурлан Байгулов катышты. Бардык коноктор үчүн «Сармерден» концерттик программасы уюштурулуп, «Баланы бешикке салуу», «Аластоо» салттары көрсөтүлдү.

№162 «Азем» мектепке чейинки билим берүү уюмунда салтанаттуу иш-чара болуп, анда сүмөлөк даярдоонун жүрүшү көрсөтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө эстафета социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысына тапшырылды.

Ленин районундагы №8 орто мектепте «Сармерден» аттуу музыкалык сынак болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, мектеп жамааты жана Ленин районунун тургундары катышты. Командалар элдик ырларды аткарып, макал-лакаптарды жана жаңылмачтарды айтышып, концерттик программа менен коштолду.

№53 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин базасында 53 жана 186-бала бакчалардын тарбиялануучулары «Арыба Нооруз» акциясын уюштуруп, «Сармерден» оюн-зоок программасын өткөрүштү.

Ошондой эле, Ленин районунун бардык билим берүү уюмдарында майрамдык иш-чаралар уюштурулду.