№82 орто билим берүү мектебинин базасында "Айтыш" коомдук фондунун жаш төкмө акындары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга белгилүү жаш төкмө акындар Асылбек Маратов, Мундузбек Усупбек уулу, Мундузбек Борончиев, Шайлообек Отунчиев, Элмирбек Иманалиев, Жибек Сапар кызы жана Темирбек Матыбаевдер  чакырылган.

Жолугушуунун максаты - төкмө акындар менен жакындан таанышуу.

Окуучулар кыргыз акындары эки категорияга - жазма акындар жана төкмө акындар болуп  бөлүнөрүн угушту.

Маалымат: аталган жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбия жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга карата "Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө" Жарлыгына жана "2022-2027-жылдарга Улуттук баалуулукту сактоо жана өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык ишке ашырылды.