Шаардын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча инспекциясы катуу таштандыларды белгиленбеген  жайларга ыргыткандарга көзөмөлдү күчөтүүдө.

Таң эртеден баштап инспекторлор тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, чарбалык субъектилерге жанаша жайгашкан аймактарга таштандылардын чыгарууга  жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Инспекторлор  182  объектини кыдырып, алардын кеңселеринин жанына жана көчөнүн жол жээгине таштанды ыргытылган фактыларды аныкташкан.

Аламүдүн базарынын аймагында бир эле учурда үч ирет көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактысы катталды. Алар: «Эки дос» фаст-фуд түйүнү, шаар тургуну А.Каскеев жана «Саян фарм» дарыканасы. Ошондой эле, Тоголок Молдо көчөсүнүн жашоочулары Макаренко Э.Р., Лурова Р.Р. санитардык нормаларды бузган. Аларга карата катуу-тиричилик таштандыларын белгисиз жайларга таштаганы үчүн КРнын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 5500 сомдон 17000 сомго чейин протоколдор түзүлгөн.

114-беренесине ылайык, чектеш аймакты талаптагыдай абалда кармабаганы үчүн жеке ишкер Мунарбек К.С., Кулиев көчөсү  №29 дарегинде жайгашкан «Аалам» ишканасы, Дэн Сяопин көчөсү  №10 дарегинин тургуну  Бендикеев Н.Б., Сыдыков көчөсү №131 тургуну Рысбекова А. жоопкерчиликке тартылышты.  Аталган беренеге ылайык, аларга 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул салынды.

Борбор калаанын мэриясы чарбалык субъектилер, фирмалар жана ишканалар, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген жеке жактар таштанды чыгаруучу ишканалар менен сөзсүз түрдө келишим түзүшү керектигин эскертет.

Болбосо, инспекция жеке жактарга да, юридикалык жактарга да чараларды көрөт.