Парктын администрациясынын маалыматы боюнча, тосулган жерге балдар ашканасы курулуп жатат. Объект бардык стандарттарга ылайык курулуп, айланасында көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Буга чейин 24 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулуп, жаңы газон себүү пландалууда.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы сүрөтчүлөр галереясынын жанындагы гүлзарлардын жаңы дизайнын иштеп чыкты. Ишкана жаңы долбоордун негизинде Бишкек баатырдын эстелигине карай гүлзарлардан роза гүлдөрүн көчүрдү. Учурда жерди ландшафттык дизайнга даярдоо иштери жүрүп жатат.

2021-жылы Свердлов районунун муниципалдык администрациясы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте “Ак-Эмир” кичи базарынын жанына башаламан сооданы жоюу үчүн бетон гүл идиштерин орноткон.

Урматтуу шаар тургундары! Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка ишенүүңүздөрдү суранабыз.