"Ак-Бата" конушунун тургундары конуштун 20 жылдыгын белгилешти.

Шаар тургундарын акимчиликтин өкүлдөрү жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары куттукташты.

Шаардыктар үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, аркан тартыш, таяк тартыш  улуттук оюндары тартууланды.

Акимчиликтен кварталдык комитеттердин төрагаларына ыраазычылык каттары тапшырылды. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары боз үй белек кылышты.

Маалымат үчүн: Ак-Бата жаңы конушу 2003-жылы негизделген.

"Ак-Бата" конушу негизделгенден бери ал жерге борбор калаанын муниципалитети тарабынан мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, почта бөлүмү, балдар аянтчалары курулган.