Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн 105 жылдыгына арналган иш-чарага Ленин районунун жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары катышышты.

Иш-чарага акимдин орун басары А.Джунусова, билим берүү борборунун директору Т.Темирканова жана аскер кызматкерлери катышты.

Окуучулар аскер бөлүгүнүн тарыхы, жоокердин жашоосу, курал-жарактары, күжүрмөн техникасы менен таанышып, атайын уюштурулган эстафеталарга катышып, жыйынтыгында аскер бөлүгүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Окуучуларды балдар иштери боюнча инспектор, ата-энелер жана мугалимдер коштоп жүрүштү.

Маалымкат: иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.