"ШАРДА" университети (Индия) менен А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимдин алкагында Кыргызстандан делегация ШАРД университетинин билим берүү-илимий иш-чараларына катышты.

Конференцияга биринчи жолу Кыргыз Республикасынын орто билим берүү системасынын өкүлдөрү чакырылды, ага Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун директору Т.Э. Темирканова, ошондой эле А. Осмонов атындагы  №68-мектеп-гимназиясынын  мектебинин директору Ч. К. Рыспаева катышты.

Шарда университетинде өткөн эл аралык конференция "Коомдук илимдердеги саламаттыкты сактоону контексттештирүү: глобалдык жана улуттук перспектива" темасында болуп өттү. Индиянын коомдук илимдер жана саламаттыкты сактоо ассоциациясы (IASSH) тарабынан гуманитардык жана коомдук илимдер мектеби менен биргеликте "Коомдук илимдердеги изилдөө методдору" темасында семинар уюштурулду.

Иш сапардын алкагында MODERN PUBLIC SCHOOL (Индия) жана №68 мектеп - гимназиясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумдун алкагында ар кандай илимий-изилдөө иш-чаралары өткөрүлөт:

-биргелешкен изилдөөлөрдү, конференцияларды, семинарларды жана башка илимий иш-чаралар;
-окутуу, кайра даярдоо үчүн окуучуларды, мугалимдерди алмашуу;
-биргелешкен инновациялык билим берүү долбоорлорун иштеп чыгуу.