Нооруз майрамына карата коомдук транспорт айдоочуларынын арасында кичи-футбол жана волейбол боюнча "Достук" турнири болуп өттү.

Транспорт департаментинин кубогу айдоочулар жана кызматкерлер арасында спорттун салттуу майрамы болуп саналып калды. Достук кубогуна дайыма   20дан ашык команда катышат.

Кичи-футболдук турнирге автотранспорт ишканаларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт департаментинин кызматкерлеринен турган 19 команда катышты.

Муниципалдык ишканалардын командаларынын арасында турнирдин жеңүүчүлөрү:

- 1 – орун - "Бишкек троллейбус башкармалыгы" МИси;

- 2-орун - "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы"МИси;

- 3-орун Транспорт департаменти.

Муниципалдык кичиавтобустар арасындагы турнирдин жеңүүчүлөрү:

- 1-орун – №101 маршруттук каттам;

- 2-орун- №227 маршруттук каттам;

- 3-орун- №260 маршруттук каттам.

16 команда арасында волейбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү:

- 1-орун- №212 маршруттук каттам;

- 2-орун – №173 маршруттук каттам;

- 3-орун- №179 маршруттук каттам.