"Кесибиңди өзгөрт" акциясын Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти мектеп окуучулары жана студенттер арасында өткөрдү.

Иш-чарага 60тан ашык адам катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Бишкекжашылчарба" жана "Тазалык" ишканаларынын атайын кийимин кийген жаштар аталган ишканалардын кызматкерлеринин күнүмдүк иштерин аткарышты.

Бул акциянын максаты жаштардын мекенчилдигин жогорулатуу, тазалыкчылардын жана жашылдандыруучулардын ишине ыраазычылык билдирүү болгон.

Иш-чара "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар"долбоорунун алкагында өттү.