«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ынтымак 2» жана «Ата-Түрк» сейил бактарында балдар үчүн кайрымдуулук майрам уюштурушту.

Балдар  үчүн аянтчада кызыктуу оюндар, ысык тамак-аш даярдалып,  сейил бакка саякат уюштурулду. Саякаттоо үчүн балдарды  3 пони жана 3 ат тосуп алды.

Анткени, ат да уникалдуу тирүү машыктыруучу. Анын бул жөндөмүнүн аркасында майыптарды реабилитациялоонун эффективдүү ыкмаларынын бири болгон терапиялык ат минүү же иппотерапия ыкмасы пайда болгон.

Балдарды жана алардын ата-энелерин «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери коштоп, оюн-зооктон тышкары балдарга таттуу белектер  да тартууланды.