Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти "мектеп лигасын"өткөрүүдө. Мындай спорттук иш-чара жыл сайын спорттун 11 түрү боюнча өткөрүлөт.

Негизги максат-Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр спортун андан ары өнүктүрүү, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын спорт менен системалуу машыгууга тартуу, келечектүү спортсмендерди андан ары адистештирилген спорттук мектептерге даярдооого жана мектептер ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо.

2023- жылдын 14-мартынан тарта №62 мектеп-гимназиянын спорт залында программанын алкагында кыздар арасында волейбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринен жана гимназияларынан 16 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды ээлешти:

- 1 орун — №62 ОТК ГМ;
- 2 орун — №1 БИГ;
- 3 орун — №6 АОТК МГ.

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликке жетишкендиктери менен куттуктайт.