Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти "мектеп лигасын"өткөрүүдө.

2023- жылдын 16-мартынан тарта № 91 мектеп-гимназиянын спорт залында тогуз коргоол боюнча кыздар жана уландар арасында мелдештер өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринен жана гимназияларынан 16дан команда катышты.

Кыздар арасындагы мелдештин жыйынтыгы боюнча:

- 1-орун- №64 ОТК МГ;
- 2-орун-№1 БИГ;
- 3-орун-№96 АОТК МГ .

Жаштар арасында:

- 1-орун-№51 МГ;
- 2-орун- №1 БИГ оюн командасы 1;
- 3-орун- №86 МГ.

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликтерге жетиши менен куттуктайт.