Борбор калаада "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жолдорду оңдоп түзөө иштери башталды.

Алсак, Ахунбаев көчөсү 7-апрелден Достоевский көчөсүнө чейин чуңкурларды оңдоо жолу менен кемчиликтерди жоюуда.

Жол белгилерин белгилөөчү бригада төмөнкү  участоктордо иштейт:

- Гагарин көчөсүнөн Ш. Руставели көчөсүнө чейин;
- Ч. Айтматов проспектиси, резиденциядан баштап Жибек-Жопу проспектисине чейин;
- Профессор Зима жана Архитектор көчөлөрүнүн кесилиши.

Жаракаларды толтуруу боюнча бригада Алыкулов көчөсү менен Селекция көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин иштейт.

Урматтуу бишкектиктер жана борбордун коноктору! Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутту алдын ала пландаштырууну суранабыз.