К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Октябрь районунун администрациясы тарабынан Сармерден оюну уюштурулду.

Бул жолу мугалимдер менен медицина кызматкерлери өз ара таймашты.

Октябрь районунун акими Азамат Дороев ар бир командага 20 миң сомдук сертификат тапшырып, “Достук” жеңгенин белгиледи.

Калыстар тобунун курамына КР Эл артисти Улукмырза Полотов, БШКнын депутаты Елизавета Алымбаева, Азамат Дороев жана шаардык саламаттыкты сактоо жана билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү кирди.