Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Моргачеванын төрагалыгы астында Бишкек шаарынын мэриясынын майыптуулук боюнча кеңеши болуп өттү.

Майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаева маалымдагандай, 2022-жылга квота боюнча 63 майыптыгы бар адам ишке орношуп, 70 майыптыгы бар адамды кесиптик окутууга жиберилген.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги Айнура Арстамбекова маалымдагандай, Бишкек шаарында 3 көмөкчү мектеп иштейт, аларда 801 майыптыгы бар  балдар окуйт, 6 мектепте 38 атайын коррекциялык класс бар, 200 майыптыгы бар балдар үйдө жана 12 атайын мектепке чейинки мекемелерде окутулат.

Кеңеште ошондой эле майыптуулугу бар адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен объекттерди курууда пандустарды орнотуу боюнча мекемелерди кайра кароо, майыптуулугу бар адамдар менен иштеген коомдук уюмдарды тартуу менен шаардык кызматтардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө коомдо толеранттуу мамиле кылуу боюнча активдүү маалыматтык кампанияларды өткөрүү жана башка маселелер көтөрүлдү.

Жыйынга акимиаттардын өкүлдөрү жана тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле "Келечек Плюс", "Нью Эйдж", "Майыптуулугу бар адамдардын Союзу" коомдук фонддорунун өкүлдөрү катышты.