Ленин районунда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар уланууда.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев райондун аймагында жайгашкан мечиттердин имамдары, ири кафе-ресторан, тойканалардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы жана жарандар арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы менен бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө кардарларга үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын, диний ырым-жырымдарды өткөрүү, орозо учурунда кечки тамактанууларда ашыкча ысырапкорчулук  жана ашыкча каражат боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды. Ал эми МАБдын жетекчилерине үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдун жаркын элесине арналган иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырмасы берилди.